You are here

Биз жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу Фонду (ЮНФПА) ар бир кош бойлуулук кааланган, ар бир төрөт коопсуз жана ар бир жаш адамдын потенциалы ишке ашкан дүйнөнү курууда жана Бириккен Улуттар Уюмунун жетектөөчү мекемеси болуп саналат. ЮНФПАнын стратегиялык максаты - калктын репродуктивдик ден соолук кызматтарына жана укуктарына жалпы жеткиликтүүлүккө жетишүү, ошондой эле аялдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жашоосун жакшыртуу үчүн энелердин өлүмүн азайтуу, бул калктын динамикасын терең талдоо, адам укуктарын сактоо жана коргоо, гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу мүмкүн болот.

ЮНФПАнын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планы аялдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга өзгөчө көңүл буруу менен репродуктивдик ден соолукка жана репродуктивдик укуктарга жалпы жеткиликтүүлүккө жетишүүгө багытталган ЮНФПАнын учурдагы стратегиялык багытынын актуалдуулугун тастыктайт. Учурдагы стратегиялык планда туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүүгө көмөктөшүүчү кайра түзүүлөрдүн, анын ичинде бекем ден соолук жана бакубаттуулукту камсыздоого, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана аялдар менен өспүрүм кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакырчылыкты жоюуга басым жасоо менен кеңейтүүгө салым кошо турган натыйжалары сүрөттөлгөн.

ЮНФПА артыкчылыктуу 17 көрсөткүчтүн ичине ЮНФПАнын ТӨМ жаатындагы стратегиялык планына ылайык туруктуу өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерди киргизди.

ЮНФПАнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү 1992-жылы башталган жана Фонд өлкөгө калкты биринчи улуттук эл каттоону даярдоого, калкты репродуктивдик ден соолукту коргоо каражаттары менен камсыздоого жана СРД коргоо боюнча интеграцияланган кызматтар жана жаштарга дос саламаттык сактоо кызматтары жаатындагы улуттук потенциалды жогорулатууга көмөк көрсөткөн. Муну менен катар жаштар жана гендердик теңчилик жаатындагы саясатты иштеп чыгууга, ошондой эле маалыматтарды чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө да колдоо көрсөтүлгөн.

 

ЮНФПАнын өлкөлүк программасы мурунку программалардын жетишкендиктеринин, ошондой эле мурдагы программаларды баалоодо алынган сабактардын жана сунуштардын негизинде иштелип чыккан. Өзгөчө көңүл айрым адамдарды окутуудан улуттук структуралардын институционалдык потенциалын чыңдоого жана окуу программаларын адистердин практикалык көндүмдөрүн жакшыртууга; колдонуудагы фактыларга негизделген далилдүү саясатты ишке ашырууга; жана үй-бүлөнү пландаштырууга, АИВке, жаштарга жана гендердик теңчиликке басым жасоо менен репродуктивдик ден соолук үчүн жагымдуу чөйрөнү колдоо максатында Өлкөлүк кеңсени (ӨK) кеңейтүү жана Өлкөлүк кеңсенин парламентарийлер жана башка кызыкдар тараптар менен иштешүүсүн кеңейтүүгө бурулган.

Кыргызстан үчүн 2018-2022-жылдарга карата өлкөлүк программа ЮНФПА жана өкмөт тарабынан улуттук өнөктөштөр, анын ичинде жарандык коом өнөктөштөрү менен консультациялардын жыйынтыгында иштелип чыккан жана БУУӨП,

ЮНФПА жана ЮНОПСтун Аткаруу кеңеши тарабынан бекитилген. Программа 2018-жылдан 2022-жылга чейинки беш жылдык мөөнөттү камтыйт. Программа улуттук артыкчылыктарга (2040-жылга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясы), Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ), 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартибине ылайык келет. Бириккен Улуттар Уюмунун стратегиялык пландаштыруу процесси жана ЮНФПАнын жалпы уюштуруучулук Өзгөрүүлөр теориясы өлкөлүк программаны иштеп чыгуу үчүн негиз болгон, анда негизги көңүл маалыматтык-пропагандалык ишмердүүлүккө, 

билимди башкарууга жана потенциалды өнүктүрүүгө бурулган.

Кыргызстандын 2018-2022-жылдарга карата Өлкөнүн программалык документи (ӨПД) үч программалык багытты: репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча кызматтарды, гендердик теңчилик, жаштарды жана калктын динамикасын өнүктүрүүнү камтыйт.

 

1-натыйжа. Репродуктивдик ден соолукту коргоо

 

Бул компоненттин алкагындагы ишмердүүлүктүн натыйжалары төмөнкүдөй иш-чаралардын топтомун камтыйт:

  • 1-иш-чаралар топтому: Репродуктивдик ден соолук жаатында жогорку сапаттагы кызматтарды жана маалымат берүүдө аялдар жана жаштар, анын ичинде калктын аялуу топтору үчүн гендердик аспектилерди эске алуу менен саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн институционалдык потенциалын чыңдоо.
  • 2-иш-чаралар топтому: Аялдарга жана жаштарга, анын ичинде калктын аялуу топторуна өзгөчө көңүл буруу менен репродуктивдик ден соолук жана репродуктивдик укуктар, гендердик теңчилик жаатында иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде  маалымат ишмердүүлүгүн иштеп чыгууну, ишке ашырууну өркүндөтүү.

 

2-натыйжа: Гендердик теңчилик жана гендердик зомбулукту азайтуу.

 

Бул компонент боюнча ишмердүүлүктүн натыйжасы иш-чаралардын бир топтомун камтыйт, атап айтканда:

  • 3-иш-чаралар топтому: Өнүгүү жана гуманитардык ишмердүүлүктүн контекстинде гендердик зомбулуктун алдын алууга жана ага жооп берүүгө басым жасоо менен аялдардын жана өспүрүм кыздардын укуктарын камсыздоо жаатында улуттук потенциалды чыңдоо.

 

3-натыйжа. Жаштар жана калктын динамикасы

Бул компонент боюнча ишмердүүлүктүн натыйжасы өзүнө төмөнкү иш-чаралардн топтомун камтыйт:

  • 4-иш-чаралардын топтому: Иш жүзүндөгү маалыматтарды, чечимдерди кабыл алуу жана ТӨМ мониторингинин негизинде саясатты иштеп чыгуу үчүн сапаттуу дезагрегацияланган маалыматтарды чогултуу жана иштетүү, жайылтуу жана натыйжалуу пайдалануу жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо.

2018-2022-жылдарга карата өлкөлүк программа Кыргызстандын өкмөтүнүн 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына негизделген, бул Кыргызстандын мыкты ден соолук жана бакубат жашоо боюнча 3-ТӨМ, билим сапаты боюнча 4-ТӨМ, гендердик теңчилик боюнча 5-ТӨМ жана теңсиздикти кыскартуу боюнча 10-ТӨМ,  тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар боюнча 16-ТӨМгө жана ошондой эле 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин ишке ашырууда прогресске жетишүүгө көмөктөшөт. Өлкө программасы Бириккен Улуттар Уюмунун 2018-2022-жылдардагы өнүктүрүү максаттарында жардам көрсөтүүнүн алкактык программасынын 2 жана 4 натыйжаларына жетишүүгө салым кошот. Өкмөткө көрсөткөн жардамында ЮНФПА өзүнүн стратегиясын маалыматтуулукту жогорулатууга, билимди башкарууга жана потенциалды жогорулатууга багыттайт.

Агенттиктин негизги өнөктөштөрү:

ЮНФПАнын Өлкө кеңсеси саясатты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды даярдоону, жайылтууну жана талдоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Парламенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз кызматташат. Өлкө кеңсеси ошондой эле жарандык коом институттары жана БУУнун башка агенттиктери менен да ийгиликтүү иш алып барат.

Ронни Линдстром мырза – Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Казакстан Республикасындагы өкүлү, Кыргызстандагы жана Түркмөнстандагы директору. ЮНФПАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси – Бактыбек Кайназаров.