You are here

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) өлкө директору Ронни Линдстром биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы жаңы директорун кызматка дайындалышы менен куттуктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргызстанга көрсөткөн колдоосунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында биздин республикада калкты жана турак жай фондун республикалык каттоо боюнча өнөктүк жүргүзүлүп, учурда сиздердин жардамыңыздар менен мамлекеттик программаларды пландаштырууну жана максаттуулугун жакшыртуу максатында жыйынтыктар иштелип жатат», - деди Байсалов.

Ронни Линдстром мырза өлкөнү кызыктырган долбоорлор боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар социалдык-демографиялык статистика тармагындагы потенциалды чыңдоо, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын потенциалын өнүктүрүү, гендердик теңчилик, мигранттардын балдары үчүн социалдык долбоорлор жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.