You are here

2022-жылдын 14-18-августунда ЮНФПАнын өлкө өкүлү Ронни Линдстром мырзанын Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү. Сапардын максаты репродуктивдүү ден соолук жана аялдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктары, гендердик теңчилик жана демографиялык динамика жаатында өкмөт менен өнөктөштүктүн артыкчылыктарын талкуулоо болду.

Бир жумалык иш сапарынын алкагында Ронни Линдстром өкмөттүк өнөктөштөр менен бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

 

ЮНФПАнын өлкө өкүлү Ронни Линдстром Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. @UNFPA in Kyrgyzstan/Канат Кубатбеков 

ЮНФПАнын өлкө өкүлү Ронни Линдстром Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. Министр Базарбаев өз сөзүндө ЮНФПАга министрлик менен узак мөөнөттүү кызматташтыгы жана өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ЮНФПАнын Кыргызстандагы гендердик зомбулукту жана зыяндуу практиканы түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча мандатына шыктангандыгын билдирди. Министр ар кандай актерлордун дараметин жана ыйгарым укуктарын жогорулатуу, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүү, анын ичинде аларды ишке ашырууга тоскоол болгон кемчиликтерди жоюу үчүн колдонуудагы мыйзамдарды карап чыгуу боюнча иштерди уланта турганын билдирди. Линдстром мырза майып адамдардын укуктарына көңүл буруунун маанилүүлүгү Туруктуу өнүгүү максаттарына, өзгөчө “эч кимди артта калтырбоо” принцибине жетишүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи. 

ЮНФПАнын өлкө өкүлү Ронни Линдстром Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайгенов менен жолугушту. @UNFPA in Kyrgyzstan/Канат Кубатбеков

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ЮНФПАга улуттук статистиканы өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык кызматташуусу, 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоону даярдоого жана өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар ЮНФПА менен кызматташуунун жүрүшүндө статисттердин потенциалын жогорулатуу, маалыматтарды өндүрүүнү жана жайылтууну жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылганын белгилешти. Линдстром мырза ЮНФПА статистиканы өнүктүрүү үчүн, анын ичинде Кыргызстанда эксперттик, техникалык, методологиялык жана финансылык колдоо көрсөтүү аркылуу тыгыз кызматташууну уланта берерин билдирди. 

ЮНФПАнын өлкө өкүлү ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук, гендердик зомбулук жана жаштар чөйрөлөрүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында БУУнун Өнүктүрүү боюнча Өнөктөштөр тобу жана Өнүктүрүү боюнча Өнөктөштөр (KOICA) менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.