EN KY RU
Go Back Go Back

Кыргызстандагы репродуктивдик ден соолукка климаттын өзгөрүү кесепеттеринин тийгизген таасири: маалыматтан аракетке

Share
Кыргызстандагы репродуктивдик ден соолукка климаттын өзгөрүү кесепеттеринин тийгизген таасири: маалыматтан аракетке

Author

Рабочая группа

Number of pages

51

Publication

Кыргызстандагы репродуктивдик ден соолукка климаттын өзгөрүү кесепеттеринин тийгизген таасири: маалыматтан аракетке

Publication date

03 November 2025

Климаттын өзгөрүшү – бул XXI кылымдагы эң олуттуу чакырыктардын бири, ал аялдардын жана балдардын саламаттыгына түздөн-түз таасир этет. «Климаттын өзгөрүшүнүн таасири репродуктивдик саламаттыкка Кыргызстанда: маалыматтардан иш-аракеттерге» аттуу бул аналитикалык обзор өлкөдө климаттык тобокелдиктер менен репродуктивдик саламаттыктын өз ара байланышын изилдеген алгачкы комплекстүү эмгек болуп саналат.

Басылма Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Калктын саны боюнча фонду (ЮНФПА) көрсөтүлгөн техникалык колдоонун негизинде даярдалган. Анда климаттык жана экологиялык факторлор аялдардын, энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын саламаттыгына кандай таасир этерин көрсөткөн маалыматтар системалаштырылып, негизги көйгөйлөр жана саясаттык сунуштар берилген.

Изилдөө мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин зарылдыгын белгилеп, калктын ден соолугун жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жолдорун сунуштайт.