You are here

Баш айланып катуу ооруса, бүдөмүк көрүп, жүрөк айланып, бет жана дене күтүлбөстөн шишип атса, заара азайып эс жоготуу белгилерине учураганда кош бойлуу аялдар эмнеге дароо медициналык жардамга кайрылуусу маанилүү?

“Кош бойлуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, буттары шишип кеткенде акушерка жардам көрсөтүүдө негизги ролду ойнойт. Алар кан басымын өлчөп, бейтапты тыкыр көзөмөлдөп, преэклампсияга өбөлгө болгон баш оору бүдөмүк көрүү сыяктуу көрүнүштөргө баа бере алат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында орто жана үчүнчү деңгээлдеги беш төрөт уюмунун акушерлерине окутуу жүргүзгөн эл аралык тренер Алексей Климашкин белгилей кетти. 

Бул долбоор төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдүн жооп берүү системасын жана телеконсультацияларды колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жетүү аркылуу энелердин алдын ала турган ооруларын кыскартууга багытталган.

Преэклампсия кош бойлуу аялдардын 5-8% жабыркайт жана дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 76 000 эненин жана 500 000 ымыркайдын өлүмүнө себепкер болуп, кош бойлуулукка байланыштуу өлүмдөрдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

Эксперт Климашкин белгилегендей, жогоруда белгиленген кооптуу белгилер байкалган учурда акушеркалар дарыгер менен кеңешип, андан аркы дарылоо планын иштеп чыгышат: «Акушеркалар кош бойлуу аялдардын кан басымын төмөндөтүүгө жардам берип, шишик жана баш оорусун азайтууга жардам берип, ден соолукту чыңдоо боюнча кошумча сунуштарды беришет. Бул чаранын баары эне жана бала үчүн коркунучтарды азайтуу, кош бойлуулуктун жана төрөттүн коопсуз болушун камсыздоого багытталган”.

Кыргызстанда болгону 2196 акушерка бар, алардын 90%ы төрөт үйлөрүндө репродуктивдүү жана эне ден соолугун коргоо кызматтарын көрсөтүп штеп келишет.

Төрөт үйүнө келген кош бойлуу аялдарды биринчилерден болуп акушеркалар тосуп алышат. Ошондуктан алардын оор преэклампсия абалына туура баа берип диагноз коюу жана мультидисциплинардык команданын бир бөлүгү катары өз убагында жардам көрсөтүүсү маанилүү.

Ошол себептен репродуктивдүү жана эненин саламаттыгын сактоо боюнча сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында беш пилоттук медициналык уюмдун, тактап айтканда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда  акушер-гинекологдор долбоордун алкагында үч күндүк окутууда билимин жана көндүмдөрүн жогорулатышты.

Тренингдин катышуучуларынын бири Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн акушеркасы Элнура Кубанычбекова белгилегендей, акушеркаларга тийиштүү компетенцияларды үйрөнүп көзөмөлдөө - биринчи кезекте акушерлердин ишинин сапатын жогорулатуу, бейтаптарды тейлөөнү жакшыртуу жана медициналык кызматкерлеринин укуктарын коргоо болуп саналат. 

Билим берүү семинарларына, тренингдерге жана конференцияларга үзгүлтүксүз катышуу акушердик чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерден жана техникалардан кабардар болууга жардам бергенин: “Кыргызстандын акушерлери профессионалдык өсүүгө жана өнүгүүгө умтулушат жана заманбап илимий изилдөөлөрдү изилдөө каалоосун сактап калуу маанилүү. Ал эми далилдүү медицинаны практикага киргизүү көрсөтүлгөн жардамдын сапатын жогорулатат. Ошондо акушерлердин эмгеги бейтаптардын ыраазычылыгы, кесиптештеринин урматы менен сыйланат”, - деп Алексей Климашкин оюн айта кетти. 

Тренинг аркылуу акушердик, неонатология, коомдук ден соолук жана этика, улуттук акушердик компетенциялар боюнча билимин жана көндүмдөрүн акушерлер өркүндөтө алышты, бул билим аялдарга жана ымыркайларга сапаттуу, маданиятка ылайыктуу саламаттыкты сактоонун негизин түзөт. Ошол сыяктуу эле, төрөттөн кийин кан кетүүнүн алдын алуу, преэклампсия жана эклампсияны башкаруу боюнча симуляциялык сабактар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, эл аралык эксперт окуткан акушерлер тренингдин экинчи жана үчүнчү күндөрүн өздөрү өткөрүшкөн. Бул эми долбоорго катышкан ар бир төрөт уюмунда төрөттөн кийинки кан жоготуунун алдын алуу, ооруканага жаткыруудан мурун преэклампсия менен эклампсияны башкаруу боюнча үзгүлтүксүз иш ордунда тренингдерди өткөрүү үчүн даярдалган инструктор (жалпысынан беш) бар экенин билдирет.

Окутуунун соңунда эл аралык эксперт Климашкин өзүндө оң таасир калтырган иш тууралуу оюн бөлүшө кетти: “Кыргызстандын акушерлери – күн сайын талыкпай эмгектенип, чектелген ресурс шартында иштөөгө даярдыгын көрсөткөн, бейтаптарга кам көргөн чыныгы кесипкөй адистер. Жогорку деңгээлдеги боорукердиги, өзгөчө кырдаалдарда тез чечим кабыл алуу, кош бойлуу жана төрөт аткан аялдар үчүн ыңгайлуу жана колдоочу чөйрөнү түзүү жөндөмдүүлүгү - алардын күчтүү жактары болуп эсептелинет”.