You are here

ЖИКС бүткүл дүйнө жүзү боюнча 36 миллиондон ашык өлүмгө, он миллиондогон балдардын жетим калуусуна жана АИВ менен жашаган 35,3 миллионго жакын адамдын пайда болуусуна алып келген саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй бойдон калууда. Бул репродуктивдик курактагы аялдардын өлүмүнүн негизги себеби. Мындан тышкары, Чыгыш Европа жана Борбор Азия, ошондой эле араб мамлекеттеринин аймактарында ооруну жаңыдан жуктуруп алгандардын саны өсүүдө, ал эми акыркы он жылда өспүрүмдөр арасындагы өлүм көрсөткүчү өскөн. ЖИКСти  токтотуу, жаңы инфекциялардын, басынтуунун жана ЖИКСке байланыштуу өлүм көрсөткүчүнүн нөлдүк деңгээлине жетүү үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык инвестициялар талап кылынат. Бул үчүн сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук (СРД) жана АИВ жаатындагы

кызматтарга тең укуктуу жеткиликтүүлүк, аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик зомбулукту (ГЗ) токтотуу жана жаштардын лидерлигин бекемдөө талап кылынат.

АИВ эпидемиясы сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук менен ажырагыс байланышта: АИВ-инфекцияларынын көпчүлүгү жыныстык жол менен жугат же кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү менен байланышкан. АИВ/ЖИКС дагы, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолуктун начардыгы да жалпы баштапкы себептерден, анын ичинде жакырчылык, гендердик теңсиздик жана калктын негизги топторунун социалдык жактан четтетилиши менен шартталган. Ден соолук боюнча эки көйгөйгө тең жооптор бири-бири менен тыгыз байланышта болууга жана бири-бирин бекемдеп турууга тийиш.

ЮНФПАнын АИВдин алдын алуу боюнча иши жалпысынан анын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук программаларын жөнгө салуучу принциптерге негизделген. Биринчиден, бул адам укуктарын, анын ичинде гендердик теңчиликти, ошондой эле кодулоо жана басмырлоодон эркиндикти илгерилетүү, коргоо жана урматтоо.

Жаштардын жана АИВ менен жашаган адамдардын программалоонун бардык аспектилерине маңыздуу катышуусу абдан маанилүү. Программалар калктын негизги топторун, анын ичинде  калктын маанилүү жаштар топторун камтышы керек. Ал далилдер менен бекем негизделиши жана жергиликтүү контексттин конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө жооп бериши керек. Мындан тышкары, жабыр тарткан жамааттардын потенциалын чыңдоого багытталган программаларды ишке ашыруу зарыл.

АИВдин алдын алуу жаатында ЮНФПА өнөктөштөр менен иш алып барат:

  • АИВ/ЖИКСти сексуалдык жана репродуктивдик ден соолукту коргоо менен байланыштыруу, анын ичинде адам укуктарына негизделген саясат жана мыйзамдардын (гендердик зомбулукту, АИВди криминалдаштырууну токтотуу ж.б.) жардамы менен, Чыңдалган саламаттык сактоо тутумдары жана АИВ жана СРД жаатындагы кызматтарды комплекстүү көрсөтүү аркылуу;
  • АИВдин жыныстык жол менен жугуусун жана каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу, өзгөчө АИВдин жугуусунун жогорку тобокелчилиги болгон калктын негизги топторундагы жаштардын, аялдардын жана кыздардын арасында презерватив пайдалануу программаларынын жардамы аркылуу;
  • Жалпысынан аялдардын жана кыздардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жана чыңдоо. Бул репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча мекемелерде ыктыярдуу текшерүүлөрдү жана консультацияларды, АИВ менен жашаган аялдарга колдоо көрсөтүү жана АИВдин энеден балага жугуу коркунучун азайтууну камтыйт; ошондой эле
  • Калктын маанилүү топторуна (секс-кызматкерлер, эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, баңгизаттарды колдонгон адамдар жана трансгендерлер) адам укуктарына негизделген кызматтардын интеграцияланган пакетине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.