You are here

Биринчи багыты калктын, жаштардын динамикасы, энелердин ден соолугу, СРД жана ГЗ тууралуу статистикалык маалыматтарды өндүрүү, колдонуу жана жайылтуу боюнча улуттук потенциалды күчөтүүгө багытталган. Бул багытта ЮНФПА тиешелүү мамлекеттик органдарга фактыларга негизделген саясатты иштеп чыгуу үчүн калктын табигый кыймылы жана калк тууралуу башка маалыматтардын тактыгын жана статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатууда колдоо көрсөтүүдө. ЮНФПА Кыргыз Республикасында экинчи ММТ ишке ашырылышына, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча текшерүүлөрдү жана жамааттык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүдө.

ЮНФПА өкмөткө калктын реестрин киргизүүдө колдоо көрсөтөт. ЮНФПА үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу маалыматтарды чогултуунун секторалдык механизмдерин бекемдейт. ЮНФПА ошондой эле далилдүү саясатты иштеп чыгуу үчүн статистикалык маалыматтарды жайылтууда заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну колдойт. ЮНФПА жаштарга, СРД жана гендерге басым жасоо менен басылмаларды иштеп чыгууну жана чыгарууну колдойт. ЮНФПА маалыматтарды чогултуу жана жайылтуу боюнча эл аралык тажрыйба алмашууга көмөктөшөт.

Экинчи багыт калкты жайгаштыруу динамикасы жана демографиялык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жана саясатты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды талдоо жаатында улуттук потенциалды бекемдөөгө багытталган (энелердин ден соолугуна, СРДга жана гендердик зомбулукка, анын ичинде сексуалдык зомбулукка басым жасоо менен). Бул багытта ЮНФПА маалыматтарды талдоо үчүн улуттук потенциалды жогорулатуу, саясатчылар менен илимий жактан негизделген саясий диалогду бекемдөө жана Кыргызстандагы энелердин ден соолугу, жаштар, СРД жана гендер маселелери боюнча саясий сунуштамалар менен өтмө тематикалык изилдөөлөрдү өткөрүү жана жайылтуу аркылуу иштеп жатат.

ЮНФПА парламентарийлер

жана өкмөт менен, алардын ЮНФПА өзгөчө көңүл бурган аймактардагы фактылардын жана саясатты иштеп чыгуунун негизинде пландоо үчүн колдо болгон маалыматтарды, изилдөөлөрдү жана мыкты тажрыйбаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө болгон муктаждыктарын канааттандырууда тыгыз иш алып барат. ЮНФПА Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндөгү конвенцияны, Улуттук гендердик стратегияны, Гендердик УАПты жана Репродуктивдик ден соолуктун улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча өкмөттүн аракеттерин колдойт.

ЮНФПА репродуктивдик ден соолук жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууну коргойт жана техникалык колдоо көрсөтөт. ЮНФПА гендердик зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн адистерге багыттоо жолдорун жакшыртуу жана медцииналык кызматтардын социалдык колдоо кызматтары менен жакшыраак интеграциялоо үчүн саясат жана механизмдерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.