Go Back Go Back
Go Back Go Back
Go Back Go Back

Тынчтык куруу

Тынчтык куруу

Тынчтык куруу

БУУнун Тынчтык куруу фонду (ТКФ) 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялардан кийин өкмөттүн тынчтык орнотуу өтүнүчүнө жооп катары Кыргызстанда өз ишин баштаган. Фонд 2010-2012-жылдары өлкөнүн чыр-чатактан жабыркаган аймактарында тынчтыкты жана ишенимди орнотуу боюнча тез арада жооп берүү долбоорлоруна 10 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Президент А.Атамбаевдин 2012-жылдын күзүндө жасалган кайрылуусуна жооп кылып, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанда системалуу тынчтыкты курууга кошумча каражат бөлүүнү жана келечекте чыр-чатактардын кайталанышына жол бербөө үчүн институционалдык негиз түзүүнү жактырган.

Тынчтыкты куруу планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча долбоорлорду бекитүү үчүн 2013-жылдын жазында президенттин жарлыгы менен Биргелешкен башкаруу комитети (ББК) түзүлгөн. Комитеттин курамына өлкө парламентинен, президенттин жана өкмөттүк аппараттардын, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдук уюмдардын жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрүнөн турган 28 адам кирет. 

ББК тынчтыкты орнотуу муктаждыктарын талдоо боюнча отчетту карап чыкты жана 2013-жылдын июнь айында бул талдоонун негизинде Тынчтыкты куруунун артыкчылыктар планын (ТАП) бекитти. Талдоо Ош жана Бишкек шаарларында өткөрүлгөн 120дан маектешүүлөрдүн, семинарлардын, карама-каршылыктарды баалоо, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын (2013-2017-ж.) улуттук биримдик жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын негизги идеялары боюнча ар кандай отчеттордун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлгөн. 2013-жылы бекитилген мамилелер: Бириккен Улуттар Уюмунун 2012-2016-жылдарга Өнүгүү Алкактары (UNDAF), 2013-жылы бекитилген Аялдар, тынчтык жана коопсуздук боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясы боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жана өлкөнүн чыр-чатактан кийинки мезгилдеги өнүгүү муктаждыктары эске алынган башка документтер.

ТАП ББК жана ТКФ тарабынан жактырылган. Президент Атамбаевдин Башкы катчыга жана ТАПка жолдогон катында ТКФ тынчтык куруунун үч артыкчылыктуу натыйжасына жетишүү үчүн 15,1 миллион АКШ долларын бөлдү:

Негизги мыйзамдар, саясаттар, реформалар жана укук коргоо механизмдеринин сунуштары, анын ичинде Универсалдуу мезгилдүү сереп, мыйзам үстөмдүгүн колдоо, сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу жана адам укуктарын урматтоо, коргоо жана сактоо үчүн ишке ашырылууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана жарандык коом менен биргеликте пикир келишпестиктерди жоюп жана жергиликтүү тирешүүнү азайтышат.

Жалпы жарандык иденттүүлүктү, көп тилдүү билим берүүнү жана көп түрдүүлүктү жана азчылыктардын укуктарын урматтоону андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген стратегиялар, пилоттук демилгелер жана ыкмалар иштелип чыгууда жана ишке ашырылууда.

Бул натыйжаларга жетүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу керек болчу. Ошондуктан БУУнун агенттиктери 20 концептуалдык жазууларды иштеп чыккан. БУУнун Эксперттик тобунун мүчөлөрүнөн турган Техникалык эксперттик топ (TЭТ) эң актуалдуу концепцияларды тандап алды, алар кийин толук долбоордук сунуштарды даярдоо үчүн сунушталды. 10 долбоор БУУнун агенттиктери тарабынан иштелип чыккан жана Көз карандысыз техникалык кароо комиссиясы (TЭТ) жана ББК тарабынан каралып чыккан. ББКнын сунуштарын кароонун жыйынтыгында ЮНФПАнын төмөнкү 2 долбоору колдоого алынды жана жактырылды.

  1. Кыргызстанда этностор аралык тынчтыкты орнотуу үчүн көп секторлуу кызматташуу,
  2. Жаштар тынчтык жолу менен өзгөрүүлөрдү колдойт.
  3. Аялдардын тынчтык куруу боюнча демилгелерге катышуусуна көмөктөшүү.