Чинве Огбонна айым ЮНФПАнын Казакстандагы жаңы Өкүлү жана Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандагы Өлкөлүк директору болуп дайындалды. Ал өз кызматтык милдеттерин 2025-жылдын январь айында баштаган.
Чинве Огбонна айымдын глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдерде 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Ал адаптивдик лидерлик, өкмөттөр аралык мамилелер жана жогорку натыйжаларга жетүү үчүн стратегиялык өнөктөштүктөр багытында адис. Бул дайындоого чейин ал ЮНФПАнын Чыгыш жана Түштүк Африка региону боюнча (ESARO) Региондук директорунун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Эритреядагы Өлкөлүк директордун милдетин аткаруучу жана ESAROнун орто кирешелүү өлкөлөргө техникалык колдоо көрсөтүү борборунун башчысы болгон. Мурда ЮНФПАда Замбиядагы Өкүлдүн орун басары, Саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо боюнча Өкүлдүн жардамчысы жана Нигериядагы өлкөлүк кеңседе саламаттыкты сактоо экономикасы боюнча программалык адис болуп иштеген.
ЮНФПАга чейин Огбонна айым Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда (ВОЗ) Эфиопияда иштеген, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) аркылуу жиберилген, ошондой эле Family Health International, USAID жана Нигерия өкмөтүндө иштеген.
Чинве Огбонна айым Нигериянын жараны жана фармация боюнча дипломго ээ. Ал Лондон гигиена жана тропикалык медицина мектебинен жана Лондон университетинен саламаттыкты сактоо тутумдарын башкаруу боюнча магистр даражасын алган. Анын адистиги саламаттыкты сактоонун экономикасы жана каржылоосу жаатында. Ошондой эле ал Эдинбургдагы Квин Маргарет университети жана Дүйнөлүк банк институтунан өнүгүп келе жаткан экономикалардагы туруктуу каржылоо боюнча кошумча квалификацияларга ээ. Чинве Огбонна 2013-жылы Рокфеллер фонду тарабынан социалдык инновациялар боюнча Глобалдык лидерлик программасынын стипендиаты болгон.