You are here

Бишкек, Кыргызстан

5-сентябрда Европа Биримдиги менен БУУнун биргелешкен демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасындагы төрт жылдык “Теңдик нуру” программанын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

Жыйынтыктоочу иш-чарага Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага парламенттин, министрликтердин жана тийиштүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү, бенефициарлар, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, донордук коомчулуктун өкүлдөрү, ЖМК, аялдар укугун коргоочу активисттер жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Теңдик нуру» демилгеси − бул аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы глобалдуу, көп жылдык өнөктөштүк.

Кыргызстанда 2020-жылы ишке ашырыла баштаган бул программа өз ара байланышкан алты багытта сексуалдык жана гендердик зомбулук көйгөйлөрүн ар тараптуу чечүү боюнча улуттук күч-аракетти чагылдырат: мыйзамдарды жана саясатты бекемдөө, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, статистикалык маалыматтарды жакшыртуу жана аялдардын кыймылын колдоо.

«Теңдик нуру» демилгеси Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүгө багытталган. Мында өзгөчө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, сексуалдык асылууга, сексуалдык жана гендердик зомбулукка, ошондой эле жашы жете электердин никеге туруусуна жана «ала качуу» сыяктуу кылмыштуу жана зыяндуу практикасына өзгөчө көңүл бурулган.

«Теңдик нуру» демилгесинин техникалык колдоосу менен эки фундаменталдык стратегия кабыл алынды: 2030-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегия жана Улуттук иш-аракеттер планы 2022-2024. Программанын жардамы менен мыйзамдарга жана кодекстерге бир катар түзөтүүлөр иштелип чыгып, кабыл алынды жана жакшыртылды - жумуш ордунда ыдык көрсөтүү учурларына каршы кодекстерге жана алимент боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды, калк үчүн мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам жөнүндө мыйзам жана башка көптөгөн ченемдик укуктук актылар жакшыртылды. Программанын алкагында аялдар жана кыздар үчүн убактылуу кризистик борборлор жана мобилдик топтор уюштурулду, акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү ишеним телефону (114) жана башка зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча демилгелер ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачылыш аземи учурундагы кайрылуусунда: "Теңдик нуру” демилгеси жалпы өлкөгө из калтырат, андыктан аны сактап калуу жана кеңейтүү керек. Муну менен катар гендердик теңчиликти жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуу үчүн укуктук базаны жана саясатты реформалоо, трансформациялык алдын алуу жана жапа чеккендерге багытталган кызматтарды көрсөтүү боюнча жамааттык күч-аракеттерди көбөйтүү зарыл”, - деп белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасындагы Биргелешкен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатору Антье Граве мындан аркы кызматташуу пландары боюнча комментарий берип: «БУУ Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Европа Биримдиги жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканына сыймыктанат. Биздин биргелешкен аракетибиз Кыргызстандын өкмөтүнө жана коомуна болгон гендердик теңсиздик менен күрөшүүгө, саясий базаны чыңдоого жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү үчүн коопсуз мейкиндикти түзүүгө жардам берүүдө. БУУнун бир канча агенттигинин адистештирилген көндүмдөрүнөн түзүлгөн ар тараптуу программасы катары «Теңдик нуру» демилгеси - БУУнун өнүктүрүү системасын реформалоону бекемдөөдө күчтүү ыкма. БУУ системасы гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү боюнча жасалган иштерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр”, - деди.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон айым Европа Биримдигинин программага болгон салымын белгилей кетти:

“Гендердик теңчиликке тоскоол болгон негизги себептерди чечүү дүйнө жүзү боюнча Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана биргелешип каржыланган бардык долбоорлор үчүн негизги маселе болуп саналат. Ошондуктан «Теңдик нуру» демилгесин колдоо үчүн 500 миллион евро бөлүнгөн, анын болжол менен 6,7 миллион доллары Кыргызстандагы программага тиешелүү. Акыркы төрт жылда программанын алты багыты тең ийгиликке жетишти. Ар тараптуу аракеттер аркылуу Кыргызстандагы 39000дей адамга; аялдарга, кыздарга, эркектерге жана балдарга зордук-зомбулукка коргонууга жана жардам алууга көмөктөштү.

Аталган демилге Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясын кабыл алууда прогресске көмөктөшүүдө чоң роль ойноп, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды түзүүгө колдоо көрсөткөнүнө кубанычтамын”.

«Теңдик нуру» демилгеси Кыргыз Республикасында иштеп жаткан БУУнун беш агенттигин – БУУнун Өнүктүрүү Программасын, БУУнун Аялдар түзүмүн, БУУнун Балдар фондун (ЮНИСЕФ), БУУнун Калкты жайгаштыруу фондун (ЮНФПА), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгын, ошондой эле эл аралык донорлор жана жарандык коом уюмдарын бириктирди