Go Back Go Back
Go Back Go Back

Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү

Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү

News

Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү

calendar_today 18 April 2025

Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү
Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү

Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна жана акушердик кызматка жеткиликтигин кеңейтүү боюнча долбоордун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү

 

Бишкек, 2025-жылдын 18-апрели — Бүгүн "Акушердик көзөмөлдөө жана жооп берүү системасын жана төрөт үйлөрүндө телеконсультацияларды колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарды камсыз кылуу аркылуу алдын алууга боло турган энелердин оорулуулугун азайтуу" долбоорунун башкаруу комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү. Жыйында 2025-жылдын биринчи кварталындагы иштин жыйынтыктары жана келечектеги пландар талкууланды.

 

Долбоор, айрыкча алыскы аймактардагы аялдарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча олуттуу натыйжаларды көрсөттү. Атап айтканда, стационардык деңгээл үчүн Telemed.kg платформасын ылайыкташтыруу аяктады. Платформа менен иштөө боюнча нускама иштелип чыкты жана 52 медициналык адис окутулду, бул алардын телемедициналык технологияларды колдонуу боюнча жөндөмдүүлүктөрүн олуттуу түрдө жогорулатты.

 

"Telemed.kg платформасы оор акушердик оорулуу аялдарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Биз бул платформаны биринчилерден болуп өз ишибизде колдонууга киришкенибизге сыймыктанабыз. Борбордон адистердин келишин күтпөстөн, зарыл жана өз убагында жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн координатору Анара Айткулуева.

 

ЮНФПАнын аймактык кеңсеси жана amma family менен биргеликте долбоордун маанилүү жетишкендиктеринин бири - кош бойлуулуктун жүрүшүн көзөмөлдөөгө жардам берген amma деген глобалдык мобилдик колдонмонун кыргыз тилине которулушу болду. Колдонмо кош бойлуу аялдарга кош бойлуулуктун ар кандай этаптарында, ошондой эле төрөттөн кийинки мезгилде ден соолугуна жана баласынын өнүгүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордо коомчулукту, медициналык адистерди, блогерлерди жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кабардар кылууга, ошондой эле маалыматтык материалдарды жана видеоконтентти даярдоого багытталган иш-чаралар пландаштырылган.

 

“Amma мобилдик колдонмосу - бул жөн гана санариптик курал эмес. Бул кош бойлуулукту пландагандан баштап жаңы төрөлгөн балага кам көрүүгө чейинки ар бир этапта аялдарды коштоочу учурлуу, илимий негиздеги жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат. Amma тиркемесинин өзгөчө баалуулугу анын Кыргызстандын аялдарынын муктаждыктарына ылайыкташтырылганында: колдонмо кыргыз тилине которулуп, биздин  контекстти эске алат”, - деди Кыргызстандагы ЮНФПА кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров.

 

Акушердик көзөмөлдөө жана жооп берүү системасын (OSRS) ишке ашыруунун алкагында оор төрөттөн кийин кан агуу жана эклампсия учурлары боюнча маалыматты чогултуу аяктады. Бул маалымат аналитикалык иштердин, анын ичинде аналитикалык жыйындарга жана отчеттук материалдарды даярдоого негиз болот. OSRS - бул энелердин ден соолугундагы, айрыкча энелердин оорулуулугун жана өлүмүн азайтуу боюнча олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыккан инновациялык жана маанилүү курал. Бул система тобокелчиликтерди өз убагында аныктоо, эрте кийлигишүү жана маалыматтын негизинде чечим кабыл алууну камсыз кылуу аркылуу энелердин жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ден соолугун жакшыртууда маанилүү роль ойнойт.

 

"Оор энелик оорулар боюнча чогултулган маалымат бизге азыркы учурдагы көйгөйлөрдү жакшыраак түшүнүүгө гана эмес, келечекте медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга да жардам берет. OSRS өтө кыйын абалдарда натыйжалуу жооп берүүгө жана аялдардын өмүрүн сактоого жардам берет", - деп баса белгиледи Кыргызстандагы ЮНФПАнын СРДС адиси Нургул Сманкулова.

 

Мындан тышкары, долбоордун алкагында эклампсиянын алдын алуу үчүн 30 шприц дозатору жана төрөттөн кийин кан агуунун алдын алуу үчүн 40 антишок костюму сатып алынды. Дозаторлор аркылуу оор преэклампсия/эклампсияда интенсивдүү терапия учурунда дары-дармектерди так жана коопсуз дозада берилишин камсыз кылып, ал эми антишок костюмдары оор кан агуудан жабыркаган аялдардын абалын туруктуу кармоо үчүн маанилүү колдоо көрсөтөт. Бул аялдардын өмүрүн сактап калуучу жана энелердин ден соолугун сактоочу куралдар.

 

Медициналык кызматкерлер үчүн төрөттөн кийин кан агууга жардам көрсөтүү боюнча клиникалык колдонмо жана протокол да иштелип чыкты.

 

"Жабдууларга жана адистерди окутууга инвестиция салуу - бул төрөт учурунда аялдардын коопсуздугун камсыз кылуудагы өтө маанилүү кадам. Ушнудай колдоо Кыргызстандагы энелердин ден соолугуна узак мөөнөттүү таасирин тийгизет деп ишенебиз", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов.

 

Долбоордун жакынкы пландарына телеконсультацияларды баштоо, ошондой эле телемедицина боюнча ТӨУ долбоору менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо кирет. Долбоордо акушердик уюмдарда телемедицинаны ишке ашыруудагы жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды көрсөтүү, улуттук OSRS отчетун сунуштоо жана amma мобилдик колдонмосун активдүү жайылтуу сыяктуу маанилүү иш-чаралар пландаштырылган.

 

***

 

Индия-БУУ Өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фонду тарабынан колдоого алынган БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоору Кыргызстанда алдын алууга боло турган энелердин оорулуулугун азайтууга багытталган. Бул акушердик көзөмөлдөө жана жооп берүү системасы (OSRS) жана беш пилоттук төрөт үйүндө телеконсультациялар аркылуу сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу ишке ашырылат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНФПА менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.