Go Back Go Back
Go Back Go Back

Бишкекте Энелер күнүнө арналган пресс-бранч өтүп жатат: басым коопсуз энеликке жана мамлекеттик кепилдиктерге жасалды

Бишкекте Энелер күнүнө арналган пресс-бранч өтүп жатат: басым коопсуз энеликке жана мамлекеттик кепилдиктерге жасалды

News

Бишкекте Энелер күнүнө арналган пресс-бранч өтүп жатат: басым коопсуз энеликке жана мамлекеттик кепилдиктерге жасалды

calendar_today 15 May 2025

Пресс-бранч "Kahoot" интерактивдүү квизи менен коштолду, анын жеңүүчүлөрү сыйлыктарды алышты
Пресс-бранч "Kahoot" интерактивдүү квизи менен коштолду, анын жеңүүчүлөрү сыйлыктарды алышты. Сүрөтү: © ЮНФПА Кыргызстан

Бишкек – 2025-жылдын 15-майы – Бүгүн Кыргыз Республикасында Энелер күнүнө карата журналисттер жана блогерлер үчүн пресс-бранч өтүп жатат. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) тарабынан уюштурулган. Жолугушуунун максаты – Кыргызстанда коопсуз энелик маселелерине көңүл буруу жана кош бойлуулар үчүн мамлекеттик кепилдик программасы жөнүндө маалымдоо болуп саналат.

Пресс-бранч энелердин саламаттыгын сактоо боюнча медициналык эксперттерди, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттер менен блогерлерди бириктирди.

Катышуучуларга энелик саламаттыкты сактоо тармагына болгон инвестициялардын көлөмүн чагылдырган видеолор көрсөтүлдү. Талкуу коопсуз энеликтин негизги элементтерин камтыды: үй-бүлө пландоодон тартып, квалификациялуу төрөттөн кийинки камкордукка чейин.

«Коопсуз энелик – бул жөн гана медициналык маселе эмес, адам укуктары маселеси. Кыргыз Республикасынын ар бир аялында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде сапаттуу медициналык жардам жана колдоо алууга укугу бар», – деп белгиледи ЮНФПАнын Кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров.

Талкууларда аялдардын ден соолугун, жыргалчылыгын жана кош бойлуулуктун бардык этаптарында сапаттуу медициналык колдоону камсыз кылууда саламаттыкты сактоо тутумунун ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

«Мамлекеттик кепилдиктер программасы төрөткө акысыз госпитализацияны камсыздайт. Эгер кош бойлуу аял төрөт үчүн эмес, башка диагноз менен жалпы профильдеги стационарга жаткырылса, анда ал камсыздандырылган жарандардай эле орточо төлөмдү төлөйт. Анткени кош бойлуулук учурунда аларга акысыз ОМС полиси берилет жана алар камсыздандырылган болуп калат», – деп түшүндүрдү ФОМСтун медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Азизбекова.

 

Омурзакова Сайкал Эрнисбековна - одна из спикеров пресс-бранча
Омурзакова Сайкал Эрнисбековна — пресс-бранчтын спикерлеринин бири. Сүрөтү: © ЮНФПА Кыргызстан

Иш-чаранын өзүнчө бөлүгү коопсуз жана ден соолукка пайдалуу энелик темасына арналды. Бул – ата-эненин экөө тең кош бойлуулукту пландоого, коопсуз төрөттү камсыз кылууга жана төрөттөн кийинки мезгилде ымыркайга кам көрүүгө активдүү катышуусу, ошондой эле энеге жана балага жагымдуу чөйрө түзүү үчүн жакын туугандардын да тартылышы катары түшүндүрүлдү.

«Аталык жана энелик ар дайым баланын кааланган, бактылуу жана ден соолугу чың көрүүнү каалоо менен коштолот. Бул – дүйнө жүзүндөгү үй-бүлөлөрдү бириктирген жалпы баалуулук. Ар бир эне үчүн төрөткө туура даярданып, өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу калыбына келүүнү камсыздоо өтө маанилүү», – деди ЮНФПАнын репродуктивдик ден соолук боюнча эксперти Нургүл Сманкулова.

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЮНФПА улуттук өнөктөштөр менен биргеликте репродуктивдик жана энелик саламаттык, үй-бүлө пландоо, кош бойлуулукка даярдык жана төрөттөн кийинки өзгөчөлүктөр боюнча темаларды камтыган маалыматтык сессияларды өткөрдү.

Бул жолугушуу пикир жана маалымат алмашуу аянтчасы гана болбостон, аялдарды колдоо үчүн натыйжалуу механизмге да айланды. Ар бир үй-бүлө бул укмуштуу жолдун башталышында – ата-эне болууда – камкордук жана колдоого алынышы керек деген максат менен уюштурулду. Биздин ишенимибизде, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү ата-эне болуу – бул бактылуу жана ден соолугу чың үй-бүлөнүн ачкычы, андай үй-бүлөдө сүйүүгө бөлөнүп өзүнө ишенген балдар чоңоет.