You are here

“Өз айылыбызга күч-кубат берип, өзүбүздү өнүктүрүүнүн чырагы болуп калды биз катышкан окутуу, иш-чаралар. Алар бизге терең таасир калтырып, коомчулуктун лидерлери болууга өбөлгө түздү”, - деп Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өлөң-Булак айылынын тургуну Күмүшай бөлүштү. 

Беш баланын апасы 46 жаштагы Күмүшай айым Аксы, Ала-Бука жана Араван райондорунда чек арага жакын аймактарда ишке ашырылган долбоордун өз ара жардам көрсөтүү топторунун окутууларына катышып, тынчтык куруу процессинин негизги катышуучулары жана демилгечилеринин арасына кошулуп келди. 

Элеттик айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, тынчтык куруу, жаштардын жана аялдардын тынчтык куруудагы өзгөчө ролун белгилеп колдоо  максатында уюштурулган бул окутууларында айымдардын жана жаштардын өзүн-өзү камсыздоо жана жеке өсүү-өнүгүү боюнча баа жеткис билим, маалымат берилди. 

Үйдөгү деле жумушун жасап, ошону менен бирге өзү кызыккан жумушту алып кете алаарына көзү жеткен Күмүшай: “Кайнене - кайната менен турган кичи келинмин. Үйдө кызмат кылып эле жүргөн келин катары бир убакта ишмердүүлүккө жол тартып, окууларга барып баштасам кайненем башында туура эмес карап “Үйгө коноктор келмек, иштер калып кетет” деп каршы чыгып атты”, - деген оюн бөлүшүп кетти. 

Жашоосундагы өзгөрүүлөргө бел байлаган Күмүшай айым убакытты туура башкаруу чеберчилигин өздөштүрүп, бул умтулуу үйдөгү милдеттерин аткаруу менен бирге өзү кызыккан демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. 

Катышкан окутуулардын биринде репродуктивдүү ден соолук боюнча алган билим өзгөчө таасирдүү болуп, анын өспүрүм кызы менен ачык баарлашуусуна өбөлгө түзгөнүн: “Мен бойго жеткен кызым, уулдарыма мамилем өзгөрүп, ушунча жыл өтүп эми ачык сүйлөшө баштадым. Балдарыма биринчи ирээт мен күйөт экенмин”, - деген сөз менен Кумүшай баса белгиледи.

Бирок алган маалыматты Күмүшай айым өзүнө катып сактаган эмес. Ал айылындагы мектепте ата-энелер комитетинин жетекчиси катары уул-кыздарды окууга тартуунун жана алардын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат менен бөлүшүп турду. Алган билимин үй-бүлөсүнөн тышкары, кошуна кыз-келиндерге да жеткирип турду. 

Окутуулар Күмүшай айымдын ишкердик рухун дагы жандырды. Кайненесинин колдоосу менен жергиликтүү кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн жолдун боюнан үйүнө жакын сулуулук салонун ачууну сунуштаган. 

 

“Ушул ишканабыз жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, аялдардын көз карандысыздык сезимин да арттырды. Айылдын келиндери үйдө балдары менен гана отура бербей, чөнтөктөрүндө бир аз болсо дагы акчасы бар болуп атты. Алардын да кайненелери туура тушунуп, жөлөк-таяк болуп колдоо көрсөтүштү”, - деп Күмүшай айым бөлүштү.

Өлөң-Булак айылынын сулуулук салону заманбап чач жасалгаларын жана сулуулук кызматтарын берип баштады. Күмүшай айым салондун айылга алып келген ыңгайлуулугун жана арзандыгын баса белгилеп: “Бизде жылуу - муздак суу чыгат. Элдер да кызыгып келишет, кээде жөн эле көрүп кетишет. Мектеп мугалимдери келип тырмагын жасатып, чачын жуудуруп, жасалгалап турушат. Мурда окуучулар мектептен чыгып, 25 км. узак болгон Кербен шаарына чачын тегиздөөгө кетсе, үйдөгүлөрү качан келет деп сарсанаа да болушуп, барганга жол киреси да кетет эле”, - деп түшүндүрдү. 

Жаңы ишкананын экономикалык пайдасынан тышкары коомдук - социалдык таасири да артты. Айылдын майыптыгы бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн чачтарын бекер кыркып, көп балалуу энелерге да жеңилдиктерин сунуп беришет. 

Күмүшай айым өзүнүн чечкиндүүлүгү, өжөрдүгү, талыкпас эмгеги аркылуу өз жашоосун гана өзгөртпөстөн, ал турган айылдын коомчулугуна да туруктуу оң өзгөрүүлөрдү алып келди. 

“Аялдарга билим берип, шыктандырып, туура колдоо көрсөтүлүп, мүмкүнчүлүктөр берилсе биз ойлогон бардык нерсеге жете алаарыбызды анык түшүндүм”, -  деген сөзүн Күмүшай айымдын баяны далилдейт. Анын көтөргөн демилгеси коомдогу салттуу тоскоолдуктардын алдын алып, экономикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, коомдук ынтымакты күчтөндөрүп келет. 

 

***

Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү” долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.

Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 келин-айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.