You are here

9-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен ЮНФПАнын Кыргызстандагы жаңы директору Ронни Линдстром мырзанын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Министр ЮНФПА кеңсесинин жаңы жетекчисин дайындалышы менен куттуктап, репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча БУУнун Калк жайгаштыруу фонду менен кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тактап айтканда, министр Кыргызстан «Үй-бүлөнү пландаштыруу-2030» программасынын алкагындагы бардык милдеттенмелерди аткарууга даяр экенин билдирди.

Линдстром мырза 2023-2027-жылдарга жаңы Өлкө программасынын алкагында Фонддун пландары жөнүндө айтып берди. жана мындан аркы кызматташууга жана Фонд тарабынан саламаттыкты сактоо системасын ар тараптуу колдоого даяр.

Тараптар медицина кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо, калк арасында үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалыматтык иштерди күчөтүү, репродуктивдүү ден соолук жаатындагы медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана медициналык кызматкерлерди толук кандуу медициналык тейлөө жана коргоо сыяктуу тармактарда биргелешкен кызматташуу маселелерин талкуулашты.