You are here

«Он төрт жыл бою аначы (акушерка) болуп иштеп келем, өзүмдүн далилденген иш ыкмам бар – төрөттөгү бардык аялдарга жылуу мамиле кылсаң ыраазы болушат, ошондо гана ишеним сезими пайда болот. Жылуу сөздөн тышкары, мен аларга чай-суу алып келип, биздин төрөт бөлүмүндөгү ар бир аял өзүн үйдөгүдөй, коопсуз сезишине кам көрөм».

Мээрим Суранбай кызы бала кезинде англис тилине абдан кызыгып, бирок 9-классты аяктаганда программист эжесинин кеңеши менен медициналык колледжге тапшырган. Алгачкы жылдары ал эжеси Мээримдин практикалык халатын өзү жууп, үтүктөп жүрдү.

Экинчи курстан кийин Мээрим Ош облустук клиникалык ооруканасынан практикасын өтүп, медицинага болгон сүйүүсү күчөгөн: «Мен туура тандоо кылганымды дал ушул жерден түшүндүм жана ошол күндөн тарта бүт көңүлүм медицина жакка бурулду. Азыркыга чейин эжемдин кеңешине ыраазы болуп келем, анткени бул кесиптин артынан мен чыныгы досторумду таап, санаалаш - пикирлеш адистердин тобуна кошулдум. Алдыбызга кандай гана тапшырма коюлбасын, биз аны сөзсүз аткарабыз. Ал эми чет тилин билгендиктен мен жумушта программалык камсыздоону үйрөнүүдө жана компьютерди колдонууда эч кандай кыйынчылык көргөн жокмун».

Бардык төрөт үйлөрүндөгүдөй эле Мээрим толготуп жаткан аялдардын баяндамасын кагаз бетине кол менен толтурууга үлгүрүш үчүн нөөмөт аяктагандан кийин да жумушта калып калчу. Ал эми азыркы учурда кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана пациенттин байкоосун камтыган бейтаптын электрондук картасын колдонуу менен аначы Мээрим жана Кыргызстан бою анын бардык кесиптештери эне жана ымыркайдын ден соолугун сапаттуу башкарууну камсыз кылуу үчүн медициналык документациясын санариптик түрдө жүргүзүп жакшырта алышат.

«Биз алгач акушердик жазууларыбызды жана байкоолорубузду санариптик формага өткөрө баштаганда кичине кыйналгандай болдук, бирок азыр компьютерден, планшеттен, жада калса телефонубуздан формалардын баарын толтуруп койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мурда кесиптердин ортосунда айкын ажырык бар болсо, азыркы учурда дарыгерлер да кандайдыр бир мааниде IT адистери болуп калышкан! Мен ушул учурдун талабын жакшы түшүнүп колдоп келем, анткени биздин ишибизге пайдасы тийип, кесиптештеримдин санариптик сабаттуулугун жогорулатат».

Мээримдин айтымында, төрөт бөлүмүнүн кабыл алуу бөлүмүндө толготуп аткан аялдын ПИН-кодун гана киргизип, анын электрондук картасынан буга чейин кайсы дарыгерлерге кайрылганы, кантип дарыланганы чагылдырылат. Башка сөз менен айтканда, бир карап туруп, төрөт үйүнүн бейтабынын ден соолугуна тиешелүү жалпы түшүнүк алса болот, бул болсо кабыл алуу бөлүмүнүн ишин бир кыйла жеңилдетчүдөй.

«Биз кагаз толтурууга коротуп жүргөн убактыбызды толгоо тартып жаткан аялдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө жумшайбыз. Ал аялдарга кандай мамиле көрүү керек? Алар биздин колдообузга муктаж. Толготуп аткан аялда коркуу сезими болот, алар жалгыз калгысы келбейт. Ал эми мен алардын жанында жүрсөм, алардын көңүлү да тынч болот - мындай шартта төрөтү да жеңил өтөт. Мен ар бир толготуп аткан аялды өз эжем, өз сиңдимдей көрөм, анткени ал тогуз ай бою курсагында жаткан алдейин төрөп алып, аман-эсен кучагына алгысы келет! Ушундай жагдайда ал аял мага толугу менен ишенгенин сезем», - деп аначы Мээрим жеке байкоосу менен бөлүшөт.

Санариптештирүү төрөт үйлөрүндөгү ишти бир топ жеңилдетет, бирок Мээрим үчүн эң чоң баалуулук – бул кесиптештеринин бири-бирине болгон сый-урматы жана колдоосу: “Биз эч качан жардам суроодон тартынбайбыз – мен жаш кесиптештериме жардам берсем, менден улуу аначылар да өздөрүнүн баалуу тажрыйбасы менен бөлүшүп турушат. Убакыттын өтүшү менен роботтор көптөгөн адистиктин функциясын колго алып алаарын билип турам, бирок он роботтун биргелешип кылган ишин бир эле аначынын болгон мээрими жана камкордугу менен салыштырганга болбойт».

Мээрим жана анын кесиптештерине жеке клиникалардан жумуш сунушу көп түшүп турчу, бирок алар макул болбой, Ош облустук клиникалык ооруканасында иштеп кала беришет: «Биз жеке уюмдардан көбүрөөк маяна, белгилүү жана так иш сааты менен камсыз болоорубузду билебиз. Бирок ушул иштин артынан мен калыптандым, Мээримди азыркы Мээримге жеткирген да ушул жер. Кесиптештеримдин жана бейтаптарымдын мага болгон ишеними, өз ишиме болгон таазимим мага жөлөк - таяк болуп турат, ушуну патриотизм деп атасак жаңылбайбызбы? Ал эми жолдошум менен шаарга чыгып калсак эле, келин-эжелер мага кайрылып, чын жүрөктөн алик алышып: “Эсиңиздеби, ушул баламды сиз төрөтпөдүңүз беле?” деп калышат». 

Жолдошу да мындайда кубанып калат, анткени ал Мээримдин чын дили, жоопкерчилиги менен иштеп келгенин билип ар дайым колдоп келет: «Биз үйдө үч балабызга ата-эне болуп келсек,  төрөт үйүндө болсо күн сайын Кыргызстаныбыздын жаңы жарандарынын экинчи апасы болуп жүргөнүмдү жакшы түшүнөт».

Мээрим Суранбай кызы башка аначы-гинекологдор, аначылар, неонатологдор жана неонаталдык медайымдары менен кошо бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик, неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун, колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган окуутууга катышты. 

2024-жылдын апрель жана май айларында бул окутуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда жүрүп жатат.

Бейтаптын электрондук картасына тиешелүү окутуу жана ишке ашыруу процесстери төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдүн жооп берүү системасын жана телеконсультацияны колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты аркылуу энелердин алдын алына турган ооруларын төмөндөтүүсүнө багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.