You are here

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

“Тең укуктар - бирдей мүмкүнчүлүктөр”

2022-жылы СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү “Тең укуктар - бирдей мүмкүнчүлүктөр” деген ураан алдында өтүп жатат. Себеби, теңсиздикти жоюуга багытталган чаралар 2030-жылга белгиленген максатка – ден соолукка глобалдык коркунучту туудуруп жаткан СПИДди жок кылуу максатына жетүүдөгү прогрессти тездетүүгө көмөкчү болот. Мындай чараларга төмөнкүлөр кирет: ВИЧ менен жашагандарга стигма коюп, басмырлоого каршы күрөшүү үчүн мыйзамдарды, саясаттарды жана жол-жоболорду реформалоо, ВИЧти дарылоо, тестирлөө жана алдын алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ВИЧ жаатындагы илимий жетишкендиктерге жеткиликтүүлүк.

1-декабрда биз өлкөнүн ар бир жаранын ВИЧ көйгөйү тууралуу маалыматтарды таратууга кол кабыш кылып, профилактикалык чараларды унутпоого, стигма жана басмырлоо менен күрөшүүгө, өзүнүн ден соолугуна кам көрүүгө чакырабыз. 2030-жылдын максатына жетүүгө – ден соолукка глобалдык коркунуч келтирген СПИДди жок кылууга сегиз гана жыл калды.