You are here

12-13-октябрь инновациялык борбордо "StartUp" фестивалы болуп өттү, анда жаш катышуучулар өздөрүнүн чыгармачыл жана инновациялык чечимдерин сунушташты.

 
Биринчи күнү жарманкеде бизнес коомчулугу жана улуттук өнөктөштөр үчүн 20 стартап долбоору сунушталды.

Фестивалдын экинчи күнү, биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча мыкты долбоорлор калыстар тобунун алдында өз презентациясы менен чыгып, байгелүү орун жана баалуу белектер үчүн жарышты. 

Жана инновациялык чечимдерге инвестициялар жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана демографиялык дивиденддер үчүн өтө маанилүү. 

Фестиваль БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу менен ишке ашырылды.