You are here

ЖБӨИ – Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалынын өзгөрүү динамикасынын аналитикалык комплекстүү көрсөткүчү болуп саналат, ал төмөнкүлөр аркылуу каралат:  өнүгүү – белгиленген критерийлер боюнча кайтарылгыс сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрдүн процесси катары; бакубатчылык – жаштардын социалдык, физиологиялык, психологиялык жана материалдык абалы катары.

ЖБӨИнин максаты – жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жаштарына тийиштүү республикалык жана жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатуу. 

2022-жылы ЖӨИни эсептөө методикасы бир катар кошумча субиндикаторлорду жана индикаторлорду индекске киргизүү менен эксперттер тобу тарабынан олуттуу жакшыртылган. Ар бир чөйрө түзүмдөштүрүлгөн жана беш бөлүмдү камтыйт – 1) Глобалдык жана эл аралык индекстер; 2) Жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр; 3) Жаштардын муктаждыктары жана керектөөлөрү; 4) Жаштардын күн тартибин ишке ашыруу механизмдери; 5) Жаштардын канааттангандыгы.