You are here

Сунушталган программа мамлекеттик сектордогу өнөктөштөр, жарандык коом жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде жаштар, диний лидерлер, калктын негизги катмарлары, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кеңири консультациялардын негизинде иштелип чыккан. Ал Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, 2020-2030- жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программалары, 2022-2030-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы, 2021-2026-жылдарга “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жана 2022-2026-жылдарга ВИЧ эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдойт. Программа Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдардагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуу алкактык программасына, 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибине, 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын,  Стамбул Протоколу жана Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын (КЖӨЭК) Иш-аракет программасын, анын ичинде Найроби ыктыярдуу милдеттенмелерин кароодо. ЮНФПА Бириккен Улуттар Уюмунун башка агенттиктери жана эл аралык коомчулук менен Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенциянын (АКДБТЖК) жана Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциянын (МУК) Универсалдуу периоддук обзордун (УПО) кабыл алынган сунуштарын ишке ашырууну жана мониторинг жүргүзүүнү колдоо үчүн иштейт.