Кундуз Алмазбек кызы төрт айдан бери Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын төрөт үйүндө (Каракол шаары) акушер болуп иштеп келет. Ал 2018-жылы Каракол медициналык колледжин бүтүрүп, эки жылдык декреттик өргүүдөн кийин 2020-жылы төрөт үйүндө адистик ишин кабыл алуу бөлүмүнөн баштап, кийин төрөттөн кийинки бөлүмдө уланткан.
Бүгүнкү күндө Кундуз төрөттөн кийинки кан кетүүлөрдө медициналык жардам көрсөтүү боюнча жаңы клиникалык протоколдордон даярдыктан өткөн жаш акушерлердин бири. Ал азыркыга чейин бир нече оор учурларга туш болуп, алар анын чыныгы кесиптик жетилип өсүшүнө себеп болгон.
"Мурунку эски протоколдор боюнча, аялдын кан жоготконуна жараша, 3 литрге чейин суюктук куюлчу. Эми болсо, жаңы протокол боюнча бирге-бир болуп толукталат. Бул жаңы билимди биз тренингден алдык жана азыр иш жүзүндө колдонуп жатабыз", — дейт Кундуз.
Эң оор учурлардын бири 39 жума боюнда бар аял келгенде болду — бул анын алтынчы кош бойлуулугу болчу, баары график боюнча түзүк болуп, бирок төрөгөндөн кийин 30 мүнөт өтсө да энелик тон (плацента) бөлүнбөй калган. Кыска убакыттын ичинде 1 литр кан кеткен — бул жалпы кан айлануу көлөмүнүн 14%ын түзгөн.
"Бул менин практикамда биринчи жолу учураган окуям эле. Корктум. Колдорум калчылдап турду. Бирок жанымда тажрыйбалуу акушер бар эле. Биз команда болуп иштедик: эки катетер коюп, кычкылтек берип, кан басымын, пульсту көзөмөлдөп, реаниматологду жана лабораторантты чакырдык. Биздин врач процессти көзөмөлдөп турду. Биз бул кыйынчылыкты кабыл алып, ага туруштук бере алдык."
Ал аял аман калды, жатыны тартылды, наристе неонатологдун колунда болчу — баары жакшы аяктады. Бирок Кундузду курчап алган коркунуч ал үчүн алсыздык эмес, Кундуз адистик жактан өстүргөн тажрыйба болду.
"Менин насаатчым ошол окуядан кийин мени кайра кабыл алуу бөлүмүнө кетип калат деп тамаша кылды. Бирок тескерисинче, бул окуя мени күчтөндүрдү."
Акушердик иш — бул жөн гана протоколдор эмес. Бул ошондой эле ички туруктуулук жана аялдарды алардын эң алсыз учурунда колдоо дегенди билдирет.
"Медициналык колледжде бизге эмоцияны, сезимдерди кантип башкаруу керектиги үйрөтүлгөн эмес. Бирок азыр бирге иштеп жаткан тажрыйбалуу акушер мага үйрөтөт: эгерде сен коркуп жатсаң, төрөп жаткан аял да муну сезип, андан да жаман болуп калат. Ар бир аракетиңди түшүндүрүп айтып турушуң керек, биз сен мененбиз, биз сага азыр жардам берип жатабыз деп айтышыбыз керек. Бирок ошентсе да, ичиңен ар бир аял үчүн коркосуң — анын балдары энесиз калбасын деп тиленесиң."
Кундуз төрөттөн кийинки кан кетүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу менен уюштурулган тренингдеринде алгачкы жолу антишок костюмун көргөн — бул жөнөкөй, бирок натыйжалуу курал кан жоготуунун олуттуу учурларында өмүрдү сактап калууга жардам берет.
Антишок костюмунун принциптери мындайча: ал бутту жана ичти катуу орогондо басым түзүлөт. Бул басым кан тамырларды, анын ичинде жатын тегерегиндеги кан тамырларды кысып, кан агууну азайтат. Костюм кан басымды жогорулатат жана жүрөк менен мээ сыяктуу маанилүү органдарга кандын жетишин жакшыртат. Бул убактылуу чара, бирок зарыл болгон жардам келгенге чейин аялдын жашоосун сактап калууга эки саатка чейин убакыт утуп берет. Кундуз жана анын бейтаптары үчүн бир нече мүнөт да өмүрдү сактап калууда чечүүчү ролду ойнойт.
"Азыр биз алдын ала тромбоциттерди карайбыз, алардын нормаларын билебиз. Жатындын тонусун, төрөттөн кийинки тартылуусун байкайбыз. Кан кетүүнүн себептерин билебиз — 4T: ткандардын калдыгы, тонус, травма, тромбин."
Кайталанган төрөттөр, жатындын жетишсиз тартылышы, кан уюу көйгөйлөрү — булардын бардыгын азыр Кундуз аныктап, алдын ала чара көрө билет.
Бүгүнкү күндө Кундуз өзүнүн биринчи баласын төрөгөн акушер менен бирге иштеп жатат. Бул анын кесиптик тарыхындагы символикалуу бир цикл.
"Менин экинчи төрөтүм биринчи төрөттөн алты жылдан кийин болду, анда мен ыйлаган жокмун. Кантип дем алуу керек экенин, качан төрөт үйүнө келүү керек экенин билчүмүн. Өзүм ушул жерден жардам алган сыяктуу азыр мен да башка аялдарга жардам берип жатам."
***
Кундуз жана анын кесиптештери катышкан төрөттөн кийинки кан кетүү боюнча тренингдер БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул демилге Индия-БУУ өнүгүү өнөктөштүгү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашып, Кыргызстандагы төрөттөгү оор учурлардын алдын алуу үчүн сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү максат кылат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.