You are here

Балдарды тарбиялоодо аталардын чоң ролу бар. Аталардын балдарды тарбиялоого жана аларга кам көрүүгө катышуусу баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө гана оң таасирин тийгизбестен, үй-бүлөнү бекемдеп, үй-бүлөдөгү милдеттерди өнөктөштөр ортосунда бирдей бөлүштүрүүгө салым кошот. Ошондой эле үй-бүлөдө эң сонун климатты түзөт. Апалардын өздөрүнө көбүрөөк убактысы болот, бул үй-бүлөнү бекемдөөгө да жардам берет.

Өнүккөн өлкөлөрдө үй-бүлөнү пландаштыруунун жана балдардын санын аныктоонун негизги фактору болочок атанын балдарды тарбиялоо процессине жогорку деңгээлде катышуусу болуп саналат. Төрөткө чейинки жана эрте балалык жылдарында аталарды тартуу энелер жана балдар үчүн оң натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Бул сынак менен өлкөбүздө канчалаган жоопкерчиликтүү аталар балдарынын жашоосуна аралашканын көрсөттүк.

24-майда БУУнун үйүндө сынактын активдүү катышуучуларын расмий сыйлоо аземи болуп өттү. Биздин катышуучулар Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулуп, эсте каларлык сыйлыктарга ээ болушту, ошондой эле мындай иш-чаралар аларга абдан түрткү болуп, жоопкерчиликтүү аталыкты мындан ары да айлана-чөйрөгө жайылтууга даяр экендиктерин айтышты.