Бишкек, 2025-жылдын 13-майы — Бишкек шаарында «Гуманитардык жооп кайтаруу: акушерлер алдыңкы катарында» деген ураандын алдында Бүткүл дүйнөлүк акушерлер күнүнө арналган конференция болуп өттү. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдарда акушерлердин маанилүү ролу жана аярлуу топтордун — качкын аялдардын жана жарандыгы жок адамдардын — Мамлекеттик кепилдик программасы (МКП) аркылуу репродуктивдик, эне жана бала саламаттыгы боюнча кызматтарга жетүүсү баса белгиленди.
Конференцияны БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы жана Кыргызстандын акушерлер ассоциациясы менен биргеликте уюштурду. Иш-чарага улуттук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, ошондой эле качкын жана жарандыгы жок айымдар катышты.
ЮНФПАнын Кыргызстандагы Кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров мындай деди: «Кризистик кырдаалдарда биринчи жардамга келгендер — бул акушерлер. Алардын ролун баалабай кете албайбыз. Биз өкмөт жана өнөктөштөр менен биргеликте ар бир аял статусуна карабастан сапаттуу жана өз убагында жардам алышына аракет көрүп жатабыз. Бул өзгөчө Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында маанилүү, анткени бул программа өлкө аймагында жашаган бардык адамдарга кызмат кылат.»
Мамлекеттик кепилдик программасы (МКП) — бул жарандардын белгилүү көлөмдө жана түрдөгү медициналык жардам алууга болгон укугун камсыз кылган система. Бул ар бир адам мамлекеттик же жеке мекеме экенине карабастан медициналык кызмат алууга укуктуу дегенди билдирет. Программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштейт жана мамлекеттик бюджет жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу каржыланат.
МКПнын алкагында медициналык жардам алуу үчүн өздүк күбөлүк, жеңилдиктерге укуктуу экендигин тастыктаган документ, үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу, камсыздандыруу статусу жана адистин багыттамасы талап кылынат.
Кыргызстандын акушерлер ассоциациясынын директору Асел Орозалиева мындай деди: «Акушерлер — бул саламаттык сактоо системасынын айрыкча жетүүгө кыйын жана кризистик аймактарда алдыңкы катарында турган адистер. Алар өз миссиясын аткара алышы үчүн МКП сыяктуу укуктук механизмдерди билиши абзел. Биз окууларды өткөрөбүз, тажрыйба бөлүшөбүз жана кесиптештерибизди колдойбуз — жаран болобу же жокпу, ар бир аял өзүн коопсуз сезиши керек.»
Гуманитардык кризистерди жана жер которууну баштан кечирген аялдар да өздөрүнүн окуяларын айтып беришти.
Жарандыгы жок Мукаррам Аманова мындай деди: «Мен Кыргызстанда төрөлүп, ушул жерде чоңойдум, бирок 2024-жылга чейин мамлекет мени тааныган эмес. Мени менен окшош тагдырлаш адамдар ден соолукка болгон тең укуктарга ээ болушу керек. Оору документиң барбы-жокпу деп сурабайт.»
Ооганстандан келген жаш качкын аял Малиха мындай деди: «Мен бала кезимден дарыгер болууну кыялданчумун. Азыр акушердик окуу боюнча ординатурамды аяктап жатам. Кыргызстан менин үйүм болуп калды, бирок мандаттуу качкын макамыма байланыштуу расмий ишке орношо албай жатам. Мен бул өлкөгө пайда алып келип, башка аялдарга жардам бергим келет. Ар бир аял жана бала — паспортуна карабастан — коопсуздукка жана камкордукка татыктуу.»
Акушерлер — бул табигый кырсыктар, куралдуу жаңжалдар жана климаттын өзгөрүшүнөн жабыркаган жамааттардагы биринчи жардам көрсөткөн адистер. Алар репродуктивдик, энелик, жаңы төрөлгөн жана өспүрүмдөрдүн саламаттыгы боюнча кызматтардын 90%га чейинкисин көрсөтүшөт. Алар кризистен улам чыккан татаал абалдарда элге кам көрүүнү улантып, ден соолук системасын бекемдөөгө жана туруктуулукту камсыздоого салым кошушат.
Баткенден келген акушер Авазкан Акматова мындай деди: «Биз кризис маалында алдыңкы катарда иштейбиз. Кээде дары-дармексиз, шартсыз калабыз, бирок энелер менен наристелердин өмүрүн сактап калуу — биздин миссиябыз, биз андан баш тартпайбыз.»
Таластан келген кесиптеши Гүлбу Бектурсунова МКПнын маанисин эске салды: «Баткендеги кризис маалында биз өз ыктыярыбыз менен жардамга бардык. Аялдар Мамлекеттик кепилдик программасы аркылуу жардам алышты — бул өмүр менен өлүмдүн ортосундагы маселе болчу. МКПишенимди күчөтөт жана өмүрдү сактап калат.»
Иш-чарада түрдүү кырдаалда эненин саламаттыгын сактоо боюнча эл аралык тажрыйбалар, акушерлерди МКП тууралуу маалымат менен камсыз кылуу жолдору жана укуктук-административдик тоскоолдуктарды жоюу үчүн мекемелер аралык кызматташтыктын зарылдыгы талкууланды.
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын укуктук маселелер боюнча адиси Уулкан Айдарова мындай деди: «Саламаттык сактоого жеткилүүлүктү камсыз кылуу — айрыкча качкын жана жарандыгы жок аялдар үчүн бул кам көрүүнүн бир формасы. МКП өлкө аймагында жашаган ар бир адамдын кызматында болушу керек, паспорту жок болсо да медициналык жардамга муктаж адамдарга да.»
ЮНФПА жана өнөктөштөр МКПнын камтылышын жана эффективдүүлүгүн күчөтүү жана азыркы укуктук статусуна байланыштуу бир дагы аял жардамсыз калбашы үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташууну улантууга милдеттүү экенин билдиришти.